Тилин соймоңдотуп... Ажатканадагы кескелдириктин жүрөк үшүткөн видеосу

2 февраля 2022 Тилин соймоңдотуп... Ажатканадагы кескелдириктин жүрөк үшүткөн видеосу

Таиландга барган британиялык турист Жейсон Кингман мейманканадагы унитаздан чыгып келе жаткан ири кескелдирикти видеого тартып алган.

Окуя Таиланддагы Патхум Тани шаарында болгон.

Туристтердин номеринде күтүүсүз конок пайда болгон. Ажатканага кирген турист унитаздын ичинен кандайдыр бир нерсенин чыгып турганын байкап, смартфонго тартып алганга жетишкен.

...Бир нече ирмемдерден кийин карарган белгисиз нерсеге жан кирип, алгач башы, андан соң али түшүнүксүз денеси (көкүрөк жагы) чыга келген. Кишинин үшүн алган көрүнүш тилин соймоңдотуп турган. Жандык толугу менен суудан суурулуп чыккандан кийин гана анын эчкемер (кескелдириктин бир түрү) экендигин көрүүгө болот. Ал унитаздан сыртка чыкпастан бир аз туруп, кайрадан артка кайтып, тагыраагы, чыккан жерине ийин сымал кирип кеткен.

Кийинчерээк Жейсон Кингман унитазда бир нерсе кыймылдап жатканын көрүп, жардам сурап Чантима аттуу таанышын чакыргандыгын айтып берген.

Чантима ошол учурда көчөгө пестицид чачылгандыгын, кыязы жаныбар андан качып, канализация системасына кирип кеткен болушу мүмкүн деген божомолу менен бөлүшкөн.

sputnik