Бутту байка! Организмде холестерин көп экенинен кабар берген эки белги

2 февраля 2022 Бутту байка! Организмде холестерин көп экенинен кабар берген эки белги

Адамдын организминде холестериндин деңгээли жогору экенин буттагы эки белгиден билсе болорун РИА Новости The Sun басылмасына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, адатта холестериндин деңгээли көп кыймылдабаган жана туура эмес тамактанган учурда көбөйөт.

"Эгер жашоо образыңыз өзгөрбөй эле бутуңуздун тырмагы жукарып же жайыраак өсүп калганын байкасаңыз, анда дарыгерге баруу керек", — деп жазылат маалыматта.

Британиядагы жүрөк фондунун адистери белгилегендей, холестериндин деңгээли жогору болгондуктан бутка кан жакшы жетпей, тырмактар жукарып, өспөй калат.

Экинчи белги — теринин түсүнүн өзгөрүшү.

"Кан тамыр ооруларында тери кубарып, көгөрүп баштайт. Ошондой эле жара оңой менен бүтпөй, бут шишип, муундар бошоп, оорлошуп калат", — деген адистер.

Белгилей кетсек, канда жаман холестерин канчалык аз болсо, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги ошончо төмөн болот.

sputnik