Ташкентте кызын аюунун капасына ыргыткан аял тууралуу маалымат берилди

2 февраля 2022 Ташкентте кызын аюунун капасына ыргыткан аял тууралуу маалымат берилди

Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.

Ташкентте үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянуу менен билдирди.

Ал өткөн жылдын июль айында эле каттоого алынганы белгиленет.

Тергөөчүлөр аялдын окуя болгон учурдагы абалын аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындаган.

Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.

Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын маалыматына ылайык, аял 31 жашта, борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт. Анын кызынан башка дагы бир баласы бар. Аял балдары менен атасынын үйүндө жашайт. Күйөөсү таштап Россияга кетип калгандыктан депрессияда жүргөнү айтылат. Жубайлар ажырашуу алдында турган.

Белгилей кетсек, Ташкенттеги зоопаркка келген аял үч жашар кызын капастагы аюунун жанына таштап жиберген. Көп өтпөй зоопарк кызматкерлери чуркап келип бөбөктү көтөрүп чыккан. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.

Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Кавказдын күрөң аюусу Зузуну 2017-жылы Ташкентке Баку зоопаркынан алып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.

sputnik