Интимдик аймакты устара менен кыруу канчалык коопсуз?

2 февраля 2022 Интимдик аймакты устара менен кыруу канчалык коопсуз?

Белгилүү болгондой, интимдик аймак абдан назик жер. Ошондуктан, аны таза кармоого кам көрүү керек.

  • Биринчи кезекте, сапаттуу жана курч бир жолу колдонулуучу шайман сатып алыңыз. Бүгүнкү күндө мындай шаймандардын көптөгөн түрлөрү бар. Бирок, кырып салуу эң арзан түрү болуп саналат. Ошондон улам болсо керек, көптөгөн аялдар интимдик аймакты кырып салган жакшы деп ойлошот.
  • Андан кийин атайын гель же көбүгү бар каражат колдонуш керек. Сезимтал жерлерди кырганда самын, душ гели же башка каражаттарды колдонбоңуз. Себеби, мындай каражаттар интимдик аймактагы теринин кызарып же кычышуусун пайда кылышы мүмкүн. Кызыл бүдүрлөр да чыгып кетет.
  • Душка түшкөндө кырынган жакшы. Себеби, тери жана түктөр жумшарып, кырууга тоскоол болбойт.
  • Мындан тышкары, кыруу чачтын өсүү багытында жүргүзүлүшү керек. Болбосо, бутактарынын тамыры ооруп, кыруу да кыйын болот. Кырынып болгондон кийин бикини аймагын жылуу суу менен тазалап, гель менен чайканууга болот.

Кырынуунун минус жактары

1. Тери дүүлүгөт. Интимдик зона өтө назик болгондуктан, кырганда тери кызарып, шишип кетет. Мунун алдын алуу үчүн атайын крем колдонсоңуз, булардын бири да болбойт.

2. Тез-тез кырынасыз. Күн сайын кырынбасаңыз да, жумасына бир жолу кырып турууга туура келет. Себеби, кыргандан кийин түк тез өсөт. Ошондой эле, түк өскөн сайын териңиз кычышып, мазаңызды алат.

3. Тилип алышыңыз мүмкүн. Кырынуу эң натыйжалуу ыкма болгону менен, анын кемчиликтери да жок эмес. Мисалы, сезгич жерди тилип алсаңыз, инфекция кирип, тери ооруларына чалдыгышыңыз мүмкүн.

4. Башка жактарга түк өсүп кетет. Эгерде туура кырынбасаңыз, анда таза териге да түк өсүп кетиши мүмкүн. Устара тийген жерге чач өсөөрү анык. Андыктан, дайыма түктү туура алып жүрүңүз.

5. Сиздин сексуалдуулугуңуз жоголуп кетиши мүмкүн. Кээ бир эркектер интимдик зона түктүү болгонун жактырат. Мындай түктөр аларды тез козгоп, дүүлүктүрөт.

6. Өсүп турган түктөр денени зыяндуу бактериялардан жана инфекциялардан коргоо үчүн керек. Эгерде кыруу учурунда же башка учурларда тери тилинип кетсе, түктөр инфекциянын алдын аларын унутпаңыз.

7. Интимдик аймактагы түктөр жылуулукту сактап, сууктан коргоого жардам берет.

Кандай болгон күндө да тазалыкты сактоо ар бир адамдын жеке милдети. Ал эми дайыма этият болсоңуз, баары ойдогудай болот.