“Жергиликтүү Хатико”: Ит коронавирустан каза болгон ээсин үч айдан бери оорукананын алдында күтүп жүрөт

2 февраля 2022 “Жергиликтүү Хатико”: Ит коронавирустан каза болгон ээсин үч айдан бери оорукананын алдында күтүп жүрөт

Орусиянын Кемерово шаарындагы оорукананын алдында үч айдан бери кетпей жүргөн ит элдин көңүлүн өзүнө бурду. Жергиликтүү тургундар ит коронавирустан каза болгон ээсин күтүп жатканын айтышат, деп жазат NGS42.RU сайты шилтеме берүү менен.

Басылманын маалыматы боюнча, ит үч айдан бери коронавирус менен ооругандарды кабыл алган оорукананын алдында жатат. Жергиликтүүлөр ал ооруканадагы ээсин күтүп жатканын айтышат. Ал эми иттин ээси үч ай мурун ушул жерде каза болгон.

Тургундар итти “Хатико” деп атап алышкан.

“Ит адамдарга агрессия көрсөтпөйт, оорукананын алдынан кетпейт. Итин ээрчитип кетейин дедим, бирок ал мага келбей койду. Ээси итти жакшы бакканы көрүнүп турат”, - дейт жергиликтүү тургундардын бири.