Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда канча түгөй баш кошору айтылды

1 февраля 2022 Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда канча түгөй баш кошору айтылды

Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда 281 түгөй үйлөнүүнү пландоодо. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Февралдагы алгачкы окшош жана өзгөчө дата эртең болот — 02.02.2022. Бул күнгө тогуз түгөй арыз таштаган. Ал эми 98 жуп экинчи — 22.02.2022 "кооз" датада баш кошуу ниетинде.

Бул айда 14-февраль (Сүйүшкөндөр күнү) дагы бар. 177 түгөй дал ушул күнү баш кошо турганын билдиришкен. Былтыр бул күнү 30 гана түгөй үйлөнгөн. Арыз бергендердин көбү Бишкек шаарынан экени айтылды.

sputnik