Армениянын президенти Саркисян расмий түрдө отставкага кетти

1 февраля 2022 Армениянын президенти Саркисян расмий түрдө отставкага кетти

Армениянын президенти Армен Саркисян расмий түрдө отставкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Армения жазды.

Саркисян бир жуманын ичинде кызматтан кетүү боюнча сурамын артка чакырткан эмес. Эми анын ыйгарым укуктары расмий токтотулду.

Учурда мамлекет башчынын милдетин парламенттин төрагасы Ален Симонян аткарып жатат. Депутаттардын жаңы президентти тандоого 25-35 күнү бар. Талапкерлерди бийлик дагы, оппозиция дагы сунуштай алат.

Буга чейин Саркисян отставкага кетерин айтып, президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатына таасир этүүчү эч кандай куралга ээ эместигин жүйө келтирген.

Белгилей кетсек, Арменияда парламенттик башкаруу формасы.

sputnik