Ала-Букада алтын казган компанияны тоногон кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

1 февраля 2022 Ала-Букада алтын казган компанияны тоногон кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Ала-Букада кен казган компаниядан алтын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 8-ноябрга караган түнү болжол менен саат 02:30дарда бетин жаап, ок атуучу тапанча, таяктар менен белгисиз адамдар Ала-Бука районунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине кирип барышкан. Алар ишкананын кароолчуларын таяк менен сабап, бирөөсүнө ок чыгарып, денесине залал келтиришкен.

"Андан тышкары, бөлмөнүн ичинде жаткан чет элдик жана кыргыз жарандарын таяк менен уруп-сабап, ок атуучу курал менен коркутуп, колдорун байлап, телефондорун талкалашкан. Чет элдик жарандын чөнтөгүнөн 20 000 сомун алып коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу топ алтын салынган бөлмөнүн айнегин бузуп кирип, сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 килограмм 833 грамм алтын металлды тартып алганы кошумчаланды. Ошондой эле ишкананын короосунда токтоп турган автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып, фараларын талкалап, жанындагы Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабасты айдап качып кетишкен.

"Натыйжада кен казуучу ишканага жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген. Аталган факт Ала-Бука РИИБдин Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган",— деп жазылат билдирмеде.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмыш ишине шектелип, Ала-Бука районунун 30 жаштагы Ч.Б., 27 жаштагы Т.С. жана 26 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары кармалып эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

sputnik