Nur Otan партиясынын саясий кеңеши жаңы түзүлүп, Дарига Назарбаева чыгарылды

1 февраля 2022 Nur Otan партиясынын саясий кеңеши жаңы түзүлүп, Дарига Назарбаева чыгарылды

Казакстандын Nur Otan партиясынын саясий кеңеши алмашып, андан Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ошондой эле жаңы курамга экс-премьер Аскар Мамин менен мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин кирбей калды.

Эске салсак, партиянын жетекчиси болуп 28-январь күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дайындалган. Ага чейин саясий бирикмени Елбасы Нурсултан Назарбаев жетектеп жүргөн.

Казакстандагы бийликтин транзити

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында отставкага кеткен. Ал эми президенттин ордун парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ээлеп, кийин президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Назарбаев тактыдан кеткени менен бир катар маанилүү кызматтарды ээлеп турган.

Бийликтин транзити учурунда ал Токаевге Казакстан элдеринин ассамблеясынын (КЭА) жетекчисинин ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ал эми 2022-жылдын башында болгон "январь окуяларында" Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектеп калды. Бул кызмат КЭА сыяктуу эле Елбасыга өмүрү өткүчө берилген болчу. Эми парламент Назарбаевдин ыйгарым укуктарын расмий алып салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.

Бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгенден кийин Нурсултан Назарбаевдин өмүрү өткүчө "елбасы" (улут лидери) деген бир эле статусу калат.

sputnik