Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы

1 февраля 2022 Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы

Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын февраль айынын аба ырайына берилген божомолун, тагыраагы, абанын температурасын жана жаан-чачындын көлөмүн Кыргызгидромет агенттиги жарыялады.

Февралдагы абанын орточо температурасы

Февралдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Февралда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүп жатат.

Чүйдө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 болору айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустан -7…-12 градустун арасында өзгөрүлүп турмакчы. Аймактын түндүгүндө кээ бир түндөрү -11…-16 градус болушу мүмкүн. Күндүз 0…+5 — +8…+13 градустун ортосунда турары айтылды. Кээ бир күндөрү абанын температурасы -1…-6га түшөрү болжолдонууда.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2… -7 жана -10…-15 градус арасында, күндүз термометр -3 …+2ден тарта +3…+8 градуска чейин көрсөтүп турарын билдиришти.

Талас облусу

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Таласта абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -2…-4 градусту көрсөтөрү маалымдалды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан тарта -9…-14 градуска чейин болору, ал эми күндүз термометр -1 …+4төн тарта +6…+11 градуска чейинки шкаланы көрсөтүп, аба ырайы өзгөрүп турарын божомолдошту. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз -2…-7 градус болуп төмөндөшү мүмкүн деп эскертилди.

Ош облусу

Бул дубанда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан алганда 1-1,5 градустан жогорулап, термометр тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градусту көрсөтөрү айтылды.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6 менен +9…+14 градустун ортосунда болорун божомолдошту.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска, ал эми күндүз -2…+3төн тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.

Жалал-Абад облусу

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот дешти.

Жалал-Абад облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогорулап, 0…+2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин чыгары айтылды. Күндүз термометр +1…+6дан +9…+14 градуска чейин көрсөтүшү мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска чейин, ал эми күндүз -2…+3төн +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон -4 …+1 градуска чейин болуп, күндүз 0…+5 градуска чыгары божомолдонду.

Баткен дубаны

Бул облуста жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Баткенде абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогорулап 0…+2 , тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска, күндүз +1…+6дан тарта +9…+14 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 жана -7…-12 арасында, күндүз -2 …+3төн тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турары айтылды.

Ысык-Көл облусу

Башка дубандардай эле бул аймакта да жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап -1…-3, чыгышында -4…-6 градус болору күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -0…-5тен тарта -6…-11 градус, чыгышында кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн дешти. Күндүз абанын температурасы негизинен 0…+5 градустун тегерегинде болуп турат.

Нарын дубаны

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Теңир-Тоодо абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде калып -13…-15, Кочкор районунда -7…-9 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн тарта -18…-23 градуска чейин өзгөрүлүп турарын билдиришти. Күндүз абанын температурасы 0…-5тен -6…-11 градуска чейин, Кочкор районунда -4 … +1ден тарта +3…+8 градуска чейин болору айтылды. Ал эми Ат-Башы районунда кээ бир түндөрү аяз чыкылдап, термометр -27…-32, күндүз -10…-15 градусту көрсөтөт дешти.

sputnik