Күн карама майынын ден-соолукка 6 пайдасы

1 февраля 2022 Күн карама майынын ден-соолукка 6 пайдасы

Күн карама майы башка өсүмдүк майларына (зайтун, пальма, кокос майы) караганда көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Мисалы, күн караманын курамында Е витамини башка майларга караганда алда канча көп. Ал эми бул витамин көзгө жана териге абдан пайдалуу.

Жүрөктүн иштешин жакшыртат. Күн карама майынын 80% курамы каныкпаган мономайдан турат. Ал эми бул жүрөктүн иштешине абдан пайдалуу. Каныкпаган майлар организмдеги май кислоталарынын көлөмүн тең салмакта кармап, холестериндин деңгээлин жөнгө салат.

Териге пайдалуу. Күн карама А жана Е витаминдерине бай. Бул витаминдер териге пайдалуу. Ошондой эле, теринин тез жетилишине, жаракат алган учурда бат айыгуусуна жана бактериялардан коргонуусуна жардам берет.

Күч-кубатты көбөйөтөт. Каныккан майлар организм үчүн оор болуп, андан адам чарчап, алсыз болуп калат. Каныкпаган майлар организмге мынчалык жүк салбайт, тескерисинче, энергияны иштеп чыгууга жардам берет. Мисалы, бул каныкпаган май боордогу гликогендин канга тез чыгышына чоң таасирин тийгизет. Гликоген энергия менен камсыз кылуучу канттын бир түрү.

Чачка пайдалуу. Күн карама майы кургак чачты азыктандырат жана жумшартат. Күн карама майын жумасына бир жолу чачыңызга сүйкөп туруңуз.

Иммунитетти бекемдейт. Күн карама майы антиоксидантка бай. Алар клетка кабыкчасын бекемдеп, организмге бактериялардын жана вирустардын киришине жол бербейт. Күн караманын курамында клеткаларды калыбына келтирүүчү белоктор бар. Бул организмдин туура иштешине жардам берет.

Тамак сиңирүүнү жакшырат. Жогоруда айтылгандай, күн карама майы каныкпаган май болуп саналат. Мындай майлар ашказан оңой иштетет. Ичеги каныкпаган майларды тез сиңирет. Ошондой эле, ич өтүүнүн алдын алат.