Аялзаты тууралуу кызыктуу 13 факты

1 февраля 2022 Аялзаты тууралуу кызыктуу 13 факты

1. Кол берип учурашканда кыздар көбүнчө кол кыспайт.

2. Кыздар көбүнчө колдору бош жүргөнүн жактырышпайт. Ошондуктан, дайыма сумкасын көтөрүп жүрөт. Эгер сумка болбосо, гүл, колкап, ж.б. болот.

3. Кыздар отурганда эки бутун бири-бирине параллель коюшат же буттарын кайчылаштырып алышат.

4. Аялдардын жүрөгү эркектердикинен 20% кичине.

5. Ал эми мээси эркектердин мээсинен 10% кичине.

6. Аялзаты эркектерге караганда күнүнө 3 эсе көп сөз сүйлөшөт. Көп сүйлөө аялдардын мээсиндеги ырахат алуу борборунун ишинен көз каранды. Демек, аялдын көп сүйлөгөнү – кадимкидей көрүнүш.

7. Аялдар маектешинин сөзүн эркектерге караганда кылдат жана узак уга алышат.

8. Статистикага таянсак, аялдар эркектерге караганда келишимге бат жетишет.

9. Аялдар колкапты көчөгө чыга электе кийишет.

10. Эстегенде аялдар оозун алаканы менен, эркектер муштуму менен жаап эстейт.

11. Артка кылчайып караганда кыздар көбүнчө мойнун гана бурса, ал эми жигиттер бүт денесин бурушат.

12. Кечигүү, жигитти күттүрүү – кыздардын жазылбаган мыйзамы. Кыздар жолугушууга күн бою даярданып, баары бир кечигип келишет.

13. Аялдар кирпик боёгондо ооздорун ачып алышат.