"Манастан" түркиялык ишкерди уурдады деп изделип жаткандардын бири кармалды. Сүрөт

31 января 2022 "Манастан" түркиялык ишкерди уурдады деп изделип жаткандардын бири кармалды. Сүрөт

"Манас" эл аралык аэропортунан уурдалып барымтага алынган түркиялык ишкердин иши боюнча кылмышка шектелип, изделип жаткандардын бири Ниязалы Махаматкарим уулу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, шектүү 1998-жылдын 8-апрелинде туулган. Эске салсак, УКМК буга чейин Ниязалы Махаматкарим уулу менен Болот Матраимовго издөө жарыялаган.

"Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Болот Матраимов издөөдө. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле бул ишке 1976-жылы туулган, түрк тектүү Кыргызстан жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага да издөө жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.

УКМК издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Белгилей кетсек, декабрь айынын башында атайын кызмат түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылды делген кылмыштуу топту кармаган. "Манас" аэропортуна келип конгон чет элдик жаранды документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча такап коркутуп, баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип бир үйгө алып барып, беш күн кармашкан. Кийин уурдагандар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкерди 400 миң доллар менен коё берүүгө макулдашкан.

Бул кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициясынын "Манас" аэропортунун аба транспорту башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын кызмат кармалгандардын ичинен Ж.Б. аттуу жарандын баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылганын кошумчалады.

sputnik