Акылбек Жапаров сыноо үчүн жиберилген беларус автобусун көрдү

31 января 2022 Акылбек Жапаров сыноо үчүн жиберилген беларус автобусун көрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Минск автомобиль заводу" ААКы сыноо мөөнөтү үчүн жиберген беларус өндүрүшүндөгү жаңы жүргүнчүлөр автобусун көрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев бул автобус шаардык каттамдарда эл ташууга ылайыкталганын билдирген.

"Автобустун майыптардын коляскасы үчүн бүктөлүүчү тепкичи, жүргүнчүлөрдүн кирип-чыгышы үчүн книлинг системасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тийиштүү шаймандарын бекитүү үчүн жабдуулар каралган", — деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына барып, андагы автобустар паркынын абалын дагы көргөн.

Маалым болгондой, автопарктын балансында 476 транспорт бирдиги бар, ал эми 300дөн ашуун автобус бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылууга тийиш.

Жапаров шаардыктарды ыңгайлуу жана коопсуз транспорт менен камсыздоо зарыл экенин белгиледи.

"Бардык нерсе шаардыктардын ыңгайы үчүн жасалышы керек. Автобус паркын толугу менен жаңылап, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо зарыл. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жана аллеялардын абалына өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле таштандыларды сорттоочу заводдун курулушун тездетүү зарыл", — деген ал.

sputnik