Үч жашар кызын аюунун капасына ыргыткан аял. Окуянын видеосу

31 января 2022 Үч жашар кызын аюунун капасына ыргыткан аял. Окуянын видеосу

Интернетте Ташкенттеги зоопаркта үч жаштагы кызды аюунун капасына ыргытып жиберген окуянын видеосу пайда болду.

Байкоочу камерага түшүп калган видеону RT Telegram каналы жарыялады.

ВИДЕО

Окуя 28-январда болгон.

Видеодон көрүнүп тургандай, зоопаркка келген аял кызын тосмонун ары жагына өткөрүп, бир саамдан кийин колун кое берген. Бул учурда бөбөк капастын ичине кулап түшүп, аюу дароо анын жанына чуркап барган. Көп өтпөй кадрдан зоопарк кызматкерлеринин чуркап келип кызды көтөрүп чыкканын көрүүгө болот. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Абалы канааттандырарлык. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.

Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Анын эмнеге мындай кадамга барганы белгисиз.

Кавказдын күрөң аюусу Зузуну 2017-жылы Ташкентке Баку зоопаркынан алып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.

sputnik