Экинчи жолу да бак айтпады, күйөөмдүн таягы жаныма батып барат. Келиндин даты

31 января 2022 Экинчи жолу да бак айтпады, күйөөмдүн таягы жаныма батып барат. Келиндин даты

“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына экинчи турмушунан да багы ачылбай, таяктан башы арылбаган келин кат жазган.

Саламатсыздарбы! Турмушка чыкканыма үч ай болду. Бул менин экинчи турмушум, мурунку күйөөмдөн бир кыз, бир уулум бар. Азыркы жолдошумдун да мурунку аялынан бир кыз, бир баласы бар. Ажырашканыма алты жарым жыл болгондон кийин кайрадан турмушка чыктым. Сүйлөшүп жүргөндө жакшы болчу, бардык өнөрү кийин чыкты. Бир жумадан кийин эле колу тийип, ошондон бери бул адатка айланды.

Чынын айтсам, күйөөмдөн корком. Азыр намыстанып жашап келем. Боюмдан түшкүчө сабады. Азыр ооруп жүрөм, бирок ооруканага жатып дарыланган да жокмун. Анткени күйөөмө сүйлөгөндөн, андан сурангандан айбыгам.

Учурда экөөбүздүн тең жумушубуз бар, мени жумуштагы кесиптештеримдин баарына жабыштырып чыгат. Аябай кызганчаак. Кээде өлгүм келет. Эч жакка жибербегендиктен канчадан бери балдарымды да көрө элекмин. Кайната, кайненемдер менен чогуу турабыз. Алардын биз менен иши жок. Үйдө уруш болбосун деп жанталашып оокат жасап, жаным тынбай кыймылдап эле турам. Күн алыс үйдө жаңжал, мурунку жолдошумду да күндө эки маал сөз кылбаса башы ооруйт. Жумуштан үйгө бара жатканда кадимкидей жүрөгүм зыркырап, “бүгүн эмне болор экен” деп айлам куруйт.

Ата-энеме, балдарыма, бир туугандарыма да асылганын койбой койду. Ажырашканым туурабы же чыдап жашашым керекпи? Өлгүм эле келип калды, баарынан тажадым...

sputnik