Түндө чөнтөк телефонду өчүрүп коюш керек. Себеби

31 января 2022 Түндө чөнтөк телефонду өчүрүп коюш керек. Себеби

Эгерде түндө телефонду өчүрүп койсо, смартфон көпкө чейин кызмат кылат. Бул туурасында Прайм порталына Россиялык технологиялык институттун доценти Евгений Кашкин айтып берген.

Бул өзгөчө 3-4 жыл мурда чыккандар үчүн өтө маанилүү, себеби 4G системасына туташуу батареянын кубатын бир топ эле "жеп коет".

"Эгерде мобилдик тиркемени Wi-Fi боюнча жаңылап турган атайын эрежени орнотпосоңуз, анда түн ичинде смартфон аларды мобилдик интернет аркылуу жүктөй баштайт. Андыктан бир түн ичинде эле мобилдик трафиктин бир тобун сарптап коет", — деген адис.

Эксперт мобилдик тиркемелердин көбү телефон күйүп турганда геолокация боюнча жеткиликтүү кылыш керектиги боюнча сурай берерин айткан. Ошентип отуруп "байланышты орноткон" ар бир учур сайын трафикти жана аккумлятордун кубатын четинен корото берет. Ал эми түндө батарейка кубаттоодон улам катуу ысып да кетет.

sputnik