Илон Маск күндөн кубат ала турган телефонун сунуштады

31 января 2022 Илон Маск күндөн кубат ала турган телефонун сунуштады

Tesla күндүн энергиясы менен иштеген биринчи смартфонун сунуштады. Эксперттердин айтымында, жаңы телефондун мыкты болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Саякатка чыкканда телефонду ойлонбой алып жүрүүгө болот. Анткени, электр кубаты жок жерде байланышсыз калбайсыз дешет компаниянын өкүлдөрү. Азырынча бир дагы смартфондо мындай мүмкүнчүлүк жок.

Смартфонду күндүн нуру менен 30 мүнөттө 20%га чейин кубаттоого болот. Күндөн кубат алуучу панели телефондун арткы жагында жайгашкан.

Ошондой эле, Tesla Phone Starlink спутник тармагына түздөн-түз туташып, жер бетинин каалаган жеринде Интернетти колдонууга мүмкүндүк берет. Смартфондун ээлери тармакка бекер кошулуп, аны чексиз колдоно алышат.