Афгандар өлкөдөгү ачарчылыктан улам бөйрөгүн, балдарын сатып жатышат

31 января 2022 Афгандар өлкөдөгү ачарчылыктан улам бөйрөгүн, балдарын сатып жатышат

Ачка афгандар айласыздан бөйрөктөрүн, жада калса балдарын тамак-ашка сатып жатышат, деп жазат Daily Mail басылмасы.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Афганистанда гуманитардык каатчылык тереңдеп бараткандыктан, көптөгөн үй-бүлөлөр органдарын, өзгөчө бөйрөктөрүн тамак-аш үчүн сатууга аргасыз.

Басылманын макалаларынын бири 5 адамдан турган үй-бүлө тууралуу болгон. Алар органды алуу операциясына макул болушкан. Кээ бир органдар 1500 долларга сатылат.

Андан сырткары, органдарын саткан айрым тургундар “сата турган эч нерсеси калбай, ооган экономикасы кыйроо алдында тургандыктан” балдарын сатууну көздөп жатканы айтылат.

Дагы бир 8 баласы жубайлар бөйрөгүн сатып жибергенин, эми балдарынын баары ачкадан өлбөсүн деп, бир баласын сатууну пландап жатышканын айтышкан.

"Жарым жыл мурун үч жашар балам ачкадан чарчап калган. Балдарымдын өлгөнүн көргүм келбейт. Жок дегенде башка бирөө багып берет", - дейт эне.

Британиянын Sky News телеканалы кабарлагандай, Иран чек аралаш жайганкан Герат шаарына жакын айылда ондогон аялдар жана кыздар үй-бүлөлөрүн багуу үчүн бөйрөктөрүн ирандыктарга сатышкан. Алардын көбү өспүрүм кыздар. 15 жашка чыга элек балдарын мыйзамсыз саткан үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө.