Орусия Кыргызстан үчүн алымсыз күйүүчү-майлоочу майдын көлөмүн көбөйттү

28 января 2022 Орусия Кыргызстан үчүн алымсыз күйүүчү-майлоочу майдын көлөмүн көбөйттү

2022-жылы Орусия Кыргызстанга 650 миң тонна автобензин жана 550 миң тонна дизелдик отун берет, деп билдирет Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.

Маалым болгондой, 2021-жылы Россия Федерациясы буга чейин 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын берген.

Калган күйүүчү майлардын көлөмү өзгөрүүсүз калды – келерки жылы Россия Федерациясы 50 миң тонна чийки мунай, 100 миң тонна авиакеросин жана 60 миң тонна мунай битумун берет.

mediaplov