Ташиев: бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарылат

28 января 2022 Ташиев: бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарылат

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдө эмне маселелер каралып, чечилгенин айтты.

Сүйлөшүү кыргыз-тажик чек арасындагы "Достук" заставасынын жанында болгон. Анын айтымында, тараптар чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарыларын белгилеген.

"Жолугушуунун негизинде бир нече чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээки окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечтик. Ал комиссия чырдын келип чыгуу себептерин карайт. Мындан сырткары, ӨКМге үйлөрүнөн чыгарылган адамдарды кайра кайтаруу тапшырмасы берилди. Алар кечке чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Ошондой эле чек арадагы күч түзүмдөрүн өз бөлүктөрүнө кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул боюнча чогулуш өтүп жатат. Чек арада бир ган18а чек арачылар жана милициянын керектүү кызматкерлери калып, калганы кетет", — деди Ташиев.

Ал тажик тарап жолугушууда сүйлөшүлгөн жыйынтыктарды аткарарына ишенерин айтты.

sputnik