Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшөт

28 января 2022 Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшөт

28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарына кар көчкү түшүп жана кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

sputnik