ӨКМ: Баткенде жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланды

28 января 2022 ӨКМ: Баткенде жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам болжол менен 11 052 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, эвакуациялангандардын 10 410у коопсуз аймактагы үйлөргө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пунктуларга жайгаштырылган.

Кайсы аймактын эли кайда жайгаштырылды?

  • Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар айыл аймагы, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 000ге жакын тургуну Рават айылына;
  • Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына;
  • Мурза-Патча, Сада аймагы, Ак-Арык жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө;
  • Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

Азыркы тапта эвакуация болгон эл дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар керектүү каражаттар менен камсыздандырылганы айтылды.

sputnik