ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

28 января 2022 ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка караганда, 27-январь күнү саат 18:00дөр чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Сомониён айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде тажик жарандары курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган.

"Мындан улам тараптар ортосунда пикир келишпестик чыгып, натыйжада жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркаган. Аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, ооруканага жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча Баткен РИИБи Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш ишин каттап, тергөө башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

sputnik