Талант Мамытов Баткен тууралуу үн катып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

28 января 2022 Талант Мамытов Баткен тууралуу үн катып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты. Спикер парламент Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

"Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы бардыгынан бийик турат", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал "оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыкка алдырбоого" чакырды.

sputnik