УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди

28 января 2022 УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу экенин айтты.

Эске салсак, Ташиев учурда Баткен облусунда. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы абал президенттин көзөмөлүндө экенин белгилеген.

"Бүгүн саат 11:00дө тажик тарап менен жолугушуу болот. Анда чек ара маселеси чечилет. Бул окуя түнү менен президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Азыркыга чейин ал биз менен түз байланышта. Кечээки чек ара окуясынан аскер кызматкерлери жана карапайым эл арасында жоготуулар болгон эмес. 11 аскер кызматкери жабыркаган. Алар учурда ооруканада. Эвакуацияланган элди ӨКМ бардык нерсе менен камсыздады", — деген Ташиев.

Ал кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

"Азыр президенттин тапшырмасы менен комиссия түзүлдү. Алар чек арада болгон окуянын баарын териштирип чыгат. Учурда чек арада кырдаал салыштырмалуу турукташты. Бардык күч түзүмдөрү, аскер техникалары боюнча маселе саат 11:00дө болчу сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. Абал турукташты деп ойлойм", — деди Ташиев.

sputnik