Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары

28 января 2022 Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилгени айтылат.

"Жаңжалдан жабыркаган 11 кишинин баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орто оордукта деп бааланууда", — деди министрликтен.

Sputnik Тажикстан ортодо чыккан чырдан улам болжолдуу маалымат боюнча 17 киши ооруканага жеткирилгенин жазган. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.

Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.

Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.

sputnik