Баткенде учурда абал кандай? Чек ара кызматынын соңку маалыматы

28 января 2022 Баткенде учурда абал кандай? Чек ара кызматынын соңку маалыматы

Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматта тараптар ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келгенден кийин кырдаал турукташканы айтылат.

Чек ара кызматы абалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.

Ушу тапта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалдан Кыргызстандын 11 аскери жаракат алганын билдирди.

sputnik