4 нерсени макулдашышты. Кыргызстан менен Тажикстандын жолугушуусу аяктады

28 января 2022 4 нерсени макулдашышты. Кыргызстан менен Тажикстандын жолугушуусу аяктады

Учурда чыр башталган Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунда унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Эки өлкөнүн делегациясы ал жакка барган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Жолугушууга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен аталган облус боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Тажикстандын Согди облусундагы башчысы Раджаббой Ахмадзода жана чек ара өкүлү Хикматулло Пиракзода, ошондой эле эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлү катышкан.

Анда тараптап төрт макулдашууга жетишишкен:

1.ок атууну толугу менен токтотууга;

2.ар бир тарап чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жерине алып кетүүгө;

3.Баткен — Исфана жолунда кыймылды жандантуу;

4.чек ара аймактарында чыр-чатактарды алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биргелешип күзөтүү жүргүзүүсү тууралуу.

Эки өлкөнүн делегациясы чыр-чатак башталган Төрт-Көчө аймагына келген. Баткен — Исфана жолунду унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

sputnik