Сериалды эмнеге көрөсүз?

28 января 2022 Сериалды эмнеге көрөсүз?

Сериалдын бир сериясын өькөрүп жиберүү өзгөчө аялдар үчүн кечирилгис нерсе. Бирок, айрым эркектер да сериалды оозун ачып, өзүн жоготуп койбосо да, кээде узун окуяга көз салып отурганын көрүүгө болот. Сериалдагы каармандарды беш колундай жаттап, ар кимдин ар кандай кылык-жоруктарын билген адамдарды азгыра турган сериалдын күчү кандай?

Бул суроого баш катырган психологдор сырын табышты.

Сериалда баары турмуштагыдан башкача, - дешет психологдор. Сериалдагы оң жана терс каармандар бир жааттуу ойноп, көрүүчүлөрдү өздөрү менен кошо кубантып, кайгыга салат. Алар бизди курчап жүргөн адамдарга абдан окшош. Тасма тарткан топ көрүүчүлөрдү кармап калуу үчүн бир нече ыкмаларды колдонот. “Баягынын сырын тигиси угуп койду. Эртеңки сериясы кызыктуу болот го, чамасы”. Мындай сөздөрдү көп уккандырсыз. Эң эффективдүү жолу – ар бир серияны кызыгына келгенде бүтүрүү.

Кайсы сериал көрбөңүз, ар бир сериалдын башкы каармандары көп учурда адилетсиздикти көп көргөн идеалдуу жан катары сүрөттөлөт. Ошон үчүн боор ооруп, ага жан тартабыз.

Турмушта ойлогондой боло бербейт. Сериалда биздин кыялдарыбыз орундалат. Сүйгөн жүрөктөр бири-бирине жолугуп, жамандык жазаланат. Ал эми өзүбүздү каармандардан көрүп, бир саамга сүйүп калган учурлар болот.

Күнүмдүк жашоо стресске толгон. Жумуштан чарчап келип, сүйүктүү сериалыңызды койгондо баарын унутуп, сериалдын ичине кирип кетесиз.

А сиз эмнеге сериал көрөсүз?