Артроз, артрит жана остеопороз. Көбүнчө аялдар чалдыккан оорулар...

28 января 2022 Артроз, артрит жана остеопороз. Көбүнчө аялдар чалдыккан оорулар...

Муун жана сөөк оорулары ар бир адамда болушу мүмкүн. Бирок, алар аялдарда көбүрөөк кездешет. Остеоартрит, артрит жана остеопороз – бир оору эмес экени айдан ачык. Айрыкча муну башынан өткөргөндөр жакшы билет. Ал эми кээ бир адамдар атын чаташтырып келишет. Бул оорулар өнөкөт жана дегенеративдик ооруларга кирет жана толук айыгуу мүмкүнчүлүгү өтө аз.

Булардын айырмасы эмнеде?

Алардын эң кеңири тараганы – артроз

Бул оору кемирчек кыртышынын дегенерациясын пайда кылат. Туташтыргыч ткань түрүндөгү сөөк капкагы сөөктөрдүн бири-бирине сүрүлүшүнө жол бербейт. Эгер ушул кемирчек тканы сапатын жоготуп, функциясын аткара арбаса, оору жана сезгенүү башталат.

Артроздон көбүнчө жамбаш, тизе жана тамандар жабыркайт. Ал эми бул муундардын баары биздин салмакты көтөрүп жүрөт. Оору жакшы эс алуудан кийин басылат. Мындан тышкары, артроздон эч бир дары айыктыра албайт. Дарылар гана сезгенүүнү гана токтото алат.

Эгерде сиз артроздон сактанууну кааласаңыз, анда үзгүлтүксүз дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, аталган муундарга салмак кошпогонго аракет жасашыңыз керек. ашыкча салмактан да арылыш керек. Туура тамактануу да маанилүү роль ойнойт. Коллаген синтезинде негизги ролду ойногон С витаминин көп кабыл алуу сунушталат.

Эгер сизде артроз бар болсо, анда сиздин рационуңуз кальций, фосфор, магний, кремний жана күкүрт сыяктуу минералдарга бай болушу керек.

Артрит – карылыктын оорусу эмес!

Артрозго салыштырмалуу артриттинорганизмдин картайышы менен эч кандай байланышы жок. Анын бир нече түрү бар. Аны балдардан, спортчулардна жана физикалык жактан активдүү адамдардан да кездешиши мүмкүн. Пайда болушуна көптөгөн себептер бар.

Иммундук түзүлүштө пайда болушу: иммундук система синовиалдык мембранага (муундарды туташтыргыч тканга) "чабуул" жасайт.

Жаракат алгандан кийин пайда болушу: оору жаракат алгандан кийин же адам бир иш-аракетти кайталай бергенден пайда болушу мүмкүн (компьютердин алдында иштөө да бул ооруну күчөтүшү мүмкүн).

Ошондой эле, муунда заара кислотасынын кристаллдарынын топтолушу да себеп болушу мүмкүн.

Артрит катуу жана узакка созулган оору менен мүнөздөлөт. Ал эми артроздо бир аз эс алсаңыз оору басылат. Артриттин алдын алуу үчүн рациондо кальций, омега-3 май кислоталары болушу керек. Жеңил көнүгүүнү күнүмдүк адат айлантыңыз. Убагында күнгө чыгып туруңуз.

Остеопороз – аялдар арасында көп кездешет

Остеопороз - сөөктөрдү жабыркатуучу өнөкөт системалуу оору. Ал, адатта, бир нече жыл бою билинбейт. Анан күчөгөндө дароо сигнал берет. Буттун астында сөөктүн сынышы мүмкүн. Бут сөөктөрү сынышы мүмкүн.

Остеопороз сөөк тканында болгон процесстерге түздөн-түз байланыштуу. Сөөк ткандары тынымсыз жаңыланып, анын курамы калыптанып отурат. Ал эми эски ткандар организмден бөлүнүп сыртка чыгат. Бирок, кээ бир учурларда, мисалы, менопауза учурунда ушул теңдештик бузулат.

Сөөктүн бузулушу сөөктүн кабыптануусуна тоскоол болуп, сөөк ткандары тыгыздыгынан ажырай баштайт. Мындан улам сөөктүн сынуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Остеопороз учурунда сөөк борпоң, сына турган болуп калат. Айрыкча омуртка, билек жана жамбаш сөөктөрү.

Бул оорунун алдын алуу үчүн кальций жана D витамини менен байытылган атайын тамак-аш кошундуларынан турган диетаны кармануу зарыл.