Депутат Масалиев Биринчи май округунан талапкерлигин койду. Себеби

27 января 2022 Депутат Масалиев Биринчи май округунан талапкерлигин койду. Себеби

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кайра шайлоо өтүп жаткан Биринчи май округунан талапкерлигин койду. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына жарыяланды.

Масалиев 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланган.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мыйзам боюнча ЖК депутаты шайлоого катыша турган болсо мандатын тапшырбай турганын белгиледи.

"Менин оюмча, бир мандаттуу округдан шайланып калса, партия аркылуу алган мандатын тапшырып ордуна башка бир мүчөсүн депутат кылууну пландап жатышат окшойт. Эгер ал шайлоодон өтпөй калса азыркы мандатын сактап кала берет. Бирок "бул бир эле шайлоо болуп жатпайбы, кантип эки жактан талапкерлигин коё алат?" деген пикирлер айтылууда. Ал маселе талапкерлигин каттоо учурунда каралат", — деди Жылкыбаев.

Ал эми Масалиевдин өзү менен байланышканда чынында эле партиясындагы депутаттардын санын көбөйтүү үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. Деген менен БШК анын арызын четке кагуу тууралуу кат жибергенин айтууда.

sputnik