"Дордой" жакта фура сүзгөн келин көз жумду. Качып кетти делген айдоочу кармалды

27 января 2022 "Дордой" жакта фура сүзгөн келин көз жумду. Качып кетти делген айдоочу кармалды

"Дордой" базарына жакын жерде DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен 44 жаштагы аялды өлтүрө кагып, качып кетти деп шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдирди.

Жол кырсыгы 6-январь күнү болгон. Алматы — Бишкек — Ташкент жолунун 233-чакырымында, тагыраагы, "Дордой" базарына жакын жерде жүк ташуучу унаанын айдоочусу аял кишини сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден көз жумган.

"9-январь күнү Чүй облустук ЖКККББсы шектүү катары DAF жүк ташуучу автоунаанын 29 жаштагы айдоочусун аныктаган. Аламүдүн райондук милициясы тиешелүү экспертизаларды дайындап, алдын ала жыйынтыгы боюнча айдоочу жөө адамды кагып алып, качып кеткени белгилүү болгон. Учурда ал шектүү катары милиция бөлүмүнө жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

sputnik