Кол-бутуңуз муздап-какшай берсе, ага 6 оору себепчи

27 января 2022 Кол-бутуңуз муздап-какшай берсе, ага 6 оору себепчи

Күн суук учурунда үшүп-тоңуу кадимки көрүнүш. Үйгө же жылуу жерге баргандан кийин бир нече мүнөттүн ичинде денеңиз жана бутуңуз жылып, калыбына келет. Ал эми жылуу үйдө отурсаңыз да, жылуу жуурканга оронуп алсаңыз да колу-бутуңуз жылыбай жатса, анда себебин башка жактан издеңиз. Жылуу жууркан да, ысык суу да, жылуу бөлмө да тоңгон бутуңарды ушул алты оорудан айыктыра албайт.

Аз кандуулук

Анемия учурунда клеткаларга кан жетиштүү деңгээлде барбайт, натыйжада бүт организм абанын жетишсиздигинен жаб

ыркайт. Бул оору көбүнчө темирдин жетишсиздигинен келип чыгат. Айрыкча жүрөккө, мээге, боорго кан жетпегендиктен, кол менен бут тоңо берет.

Рейно синдрому

Бул дартка чалдыккан адамдын майда артерия кан тамырларынын териси кургап, кан айлануусун бүтөйт. Натыйжада буту-колу муздайт. Оорулуу дене температурасынын төмөндөшүн же стрессти сезет. Рейно оорусу менен жабыркаганда буттун териси түлөйт. Ал эми тоңуп калган бутту жылытканда тери кызарып, шишип кеткенин байкайсыз.

Диабет

Кант диабетинде уйку бези керектүү инсулинди бөлүп чыгара албайт же дененин клеткалары аны сезбейт. Инсулин жетишсиздигинен клетка глюкозаны сиңире албай, канда калып калат. Ошондуктан, кант диабети менен ооруган адамдын колу-буту муздай берет.

Гипотиреоз

Бул калкан безинин T3 (трийодтиронин) жана T4 (тироксин) деп аталган гормондорду жетиштүү түрдө өндүрө албаганынан келип чыккан оору. Ал эми бул гормондор денедеги туура зат алмашууга жана күч-кубатка жооп берет. Кан айлануу начар болгондуктан, бут менен кол тоңот.

В12 витамининин жетишсиздиги

Бул витамин нерв клеткаларынын, эритроциттердин иштеши үчүн абдан маанилүү. В12 витамининин жетишсиздиги нерв ооруларын пайда кылат. Ошол эле учурда кол менен бут да муздай турган болуп калат.