Кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

27 января 2022 Кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, апта аягында айрым аймактарга кар жааса, кээ бир жерлерде жаан-чачын болбойт. Бишкекте жекшемби күнү кар жаайт.

Чүй облусу

Аталган аймакта 29-январь түнү кээ бир аймактарда кар жаайт. Эртеси, 30-январда, күндүз дээрлик бардык аймагына кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы -3…+2 градусту көрсөтөт.

Талас облусу

Талас облусунда да 29-январь түнү кар жаашы ыктымал. Ал эми жекшембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 0...-2 градус суук болот.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Түштүк жергесинде 29-январда тоолуу аймактарга кар түшөрү божомолдонууда. Өрөөндөргө жаабайт. Ал эми жекшемби, 30-январда, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок жолдор тайгак, тоңголок болуп, абанын температурасы 2...4 градусту көрсөтөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Апта аягында Ысык-Көлдө кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 1 градуска чейин муздашы ыктымал. Ишембиде Нарындын дээрлик бардык аймагына кар жаай турганы айтылууда. Ал эми 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -3…-5 градус суук болмокчу.

sputnik