ӨЗҮҢДҮ КАНТИП СҮЙҮҮ КЕРЕК?

27 января 2022 ӨЗҮҢДҮ КАНТИП СҮЙҮҮ КЕРЕК?

"Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болгуңуз келсе, өзүңүздү сүйүңүз", "Жумушта ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, өзүңүздү абдан сүйүңүз", "Башкалар сизди сүйүшү үчүн биринчи өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүңүз" деген сөздөрдү окуп, уккан чыгарсыз.

Психологдор өзүңүздү сүйүү менен оорудан да, ашыкча салмактан да арылууга болот дешет. Бул жакшы изилденген, далилденген ыкма. Чынында эле, өзүн сүйгөн адамдын жашоосунда жамандык азыраак болот.

Буга байланыштуу психологдордун кеңештеринин кыскача вариантын сунуштайбыз. Бул кеңештер өзүңүздү сүйүүгө жардам берет.

1) Биринчиден, бардык кемчиликтериңизди кабыл алыңыз. Мисалы, мурдуңузду, жоон манжаңызды, суюк чачыңызды, жүлжүйгөн көзүңүздү жактырбайсыз. Жалкоолугуңуз үчүн, эл менен тил табыша албаганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөшүңүз мүмкүн. Аны Кудайдын жаратканы деп кабыл алыңыз.

  • Көзүңүз карагаттай, кирпигиңиз узун буралган дейли, бирок сокур болсоңуз, кантер элеңиз?
  • Мурдуңуз кырлуу болсун, бирок такыр жыт сезбесеңиз, не болор эле?
  • Манжаларыңыз ичке, бирок жансыз болуп, кашык кармай албасаңызчы?..

Сулуу, бирок баса албаган, көрө албаган, сүйлөй албаган адамдар бар. Андыктан, текебер болбоңуз. Көз айнексиз көргөнүңүз үчүн, бутуңуз үчүн, бардык мүчөлөрүңүз үчүн ыраазы болуш керек. Ыраазычылык сүйүү сезимин арттырат.

2) Денеңизге баладай мамиле кылыңыз. Пайдалуу тамактарды гана жеңиз. Таттуу жана ачууну азайтыңыз. Организмиңизди зыяндуу заттар менен уулаганды токтотуңуз. Тамекиге жана ичкиликке жок деп айтыңыз.

Ваннага түшүп, денеңизге крем, майларды сүйкөңүз. Чачыңызга жана тырмагыңызга өз убагында кам көрүңүз. Өзүн сүйгөн адам чачынын майланышына, кийиминин кир болушуна жол бербейт. Сынган чыны менен чай ичпейт...

3) Негативдүү сөздөр менен жан дүйнөңүздү эзгенди, оорутканды токтотуңуз. Зыяндуу тамак-аш сыяктуу терс сөздөрдү кабыл албаганга аракет кылыңыз. Ушактан жана жалаадан алыс болуңуз. Жан дүйнөңүздү денеңүздей таза кармоо – өзүн сүйгөндүктүн белгиси.

5) Өзүңүздүн тынчтыгыңызды өзүңүз бузбаңыз жана башкаларга да жол бербеңиз. Ал үчүн ар кимди душман катары көрүп, айланаңыздагы адамдарды күнөөлөгөндү токтотуңуз. Өзүңдү жана башкаларды сыйлаңыз.

6) Каалоолоруңузду урматтаңыз. Каалаган нерсеңизден өзүңүздү чектебеңиз. Өзүңүзгө жаккан иш менен көбүрөөк алектениңиз, үйүңүзгө, жумушуңузга жана балдарыңыздын жашоосуна кошумча убакыт бөлүңүз.

Өзүн сүйүүнүн көптөгөн жолдору бар. Бирок, сиз ушул алты кеңештен баштаңыз. Адам өзүн сүйүү менен жашоосун өзгөртө алат. Андыктан, өзүңүздү ушул убакыттан сүйө баштаңыз. Ал кыйын эмес!