"Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Сүрөт

26 января 2022 "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Сүрөт

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылганын жазып, окуянын сүрөттөрүн жарыялашты.

Интернетке тараган кадрлардан жолтандабас менен жеңил автоунаа жабыркаганын көрүүгө болот.

Милициянын Кайгуул кызматы окуя кечээ, 25-январда, түшкү саат 12:45 чамасында болгонун билдирди.

"22 жаштагы С.Б. Daewoo Kalos үлгүсүндөгү автоунаасы менен Масалиев көчөсүндө батышты көздөй бара жатып Ч. Айтматов менен кесилишкен жерден Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Toyota Land Cruiser менен кагышкан. Окуянын кесепетинен С.Б. жабыркап, 4-ооруканага жеткирилген", — деди милициядан.

Эки автоунаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталып жатат.

Окуя боюнча Кудрет Тайчабаров дагы өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

"Мен түшкү тамактануу учурунда Айтматов көчөсү менен ылдый түшүп бара жаткам. Магистраль көчөсүндө жол чырак иштебей калган. Башкы жол меники болгондуктан белги бергем. Мындан улам оң жана сол жактан келе жаткан машиналар токтогон. Үчүнчү тилке бош болчу. Мен өтүп бара жатканда бир машина астыман келип какты дагы ылдыйга бара жаткан машинаны өйдө каратып салды. Абдан катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан үч тонналык машинаны 180 градуска чейин бурду да. Мен бешинчи класстан баштап машина айдаганды үйрөнгөм. Карап көрсөңөр болот ылдамдыкты ашырып айдоо боюнча бир дагы жолу айыпка жыгылган эмесмин", — деди Тайчабаров.

Ал маселе кечээ эле чечилип, күнөөлүү тарап күнөөсүн мойнуна алып, милиция каттоого алганын билдирди. Ошондой эле экинчи айдоочу айдоочулук күбөлүгүн сатып алганын айтып, жөнөкөй эрежелерди билбей турганын кошумчалады.

sputnik