Нарында жарым миллион сомдой зыян келтирген карышкырлардын бири атылды. Сүрөт

26 января 2022 Нарында жарым миллион сомдой зыян келтирген карышкырлардын бири атылды. Сүрөт

Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Сары-Ой айылында күз айларынан бери малга кол салып, жергиликтүү элди жарым миллион сомго чукул зыян тарттырган карышкырлардын бирин мергенчилер атып алышты. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакытбек Кошалиев билдирди.

"Айылыбызда өткөн 2021-жылдын октябрь айынан бери элдин малына карышкыр кол салган учурлар байма-бай катталып, 10 баш бодону жеп кеткен. Айылдыктарды сызга отургузган жырткычты жол кылуу максатында мергенчилер чыгып, ургаачы карышкырды атып келди", — деди Кошалиев.

Айыл башчысы бүгүнкү күндө бодо малдын орточо баасын кеминде 50 миң сомдон эсептегенде карышкырлар 500 миң сомго зыян алып келгендигин айтып берди.

sputnik