Түйшүгү көп. Түмөнбаев аял депутаттарга кызматтык унаа берүүнү сунуштады

26 января 2022 Түйшүгү көп. Түмөнбаев аял депутаттарга кызматтык унаа берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев аял кесиптештеринин түйшүгү көп экенин эске алуу менен аларга кызматтык унаа берүүнү сунуштады.

"Бейиш — энелердин таман алдында" деп аялзатын жогору коюп сыйлап, кастарлап келебиз. Бул чакырылышка 18 аял депутат болуп келди. Көпчүлүгү карапайым калктан чыккандар экенин жакшы билебиз. Аял кишинин түйшүгү эркектердикине караганда эки эсе оор. Элдик депутаттар тобунун жана жеке өзүмдүн атымдан VII чакырылыштагы аял депутаттарды кызматтык унаа менен камсыздап берүү сунушун киргизем", — деди Түмөнбаев.

Ошондой эле ал сунушун президент Садыр Жапаров дагы четке какпайт деп үмүт артарын белгиледи.

sputnik