Азабын тартасың. Иштеп турган телевизордун жанында уктабаш керек

26 января 2022 Азабын тартасың. Иштеп турган телевизордун жанында уктабаш керек

Иштеп жаткан телевизор түнкү уйкуга бир топ тоскоолдук кылат. Бул тууралуу Зальцбург университетинин (Австрия) окумуштууларына шилтеме берип National Geographic Россия жазды.

Адистердин айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат.

Изилдөөгө курагы 20 жаштын тегерегиндеги 17 ыктыярчы катышкан. Алардын эч кимисинде уйку, жалпысынан эле ден соолук жагынан көйгөйү болгон эмес.

Алгач алар бир жума бою өз үйүндө тынч жана караңгы бөлмөдө полисомнография аппаратын (адам уктап жаткан кезде мээси, жүрөгү, нерв системасы кандай иштеп жатканын текшерүүчү каражат — ред.) тагынып укташкан. Андан соң бир нече күн бою лабораторияда ар кандай үндөрдүн коштоосунда, жарык тийип турган бөлмөдө түнөшкөн.

Жыйынтыгында адам үн жана жарык чыгып турган бөлмөдө уктап жатканда мээси тезирээк иштеп, организми жакшы эс албай калары белгилүү болгон.

Окумуштуулар муну мээнин бөтөн үндөргө берген реакциясынан улам деп түшүндүрүштү. Мисалы, телевизор иштеп турганда уктаган кишинин мээси андан чыккан үндөрдү улам тыңшай берип, жакшы эс албай калат.

"Тагыраагы, мээ дайыма активдүү иштеп, коркунуч жаралса организмди тезирээк ойготоюн деп даярдап турат. Ошентип ал жакшы эс албайт. Ал эми эс албаган мээ организмге бир топ залакасын тийгизет", — деп айтылат иликтөөнүн жыйынтыгында.

Мындан улам адистер тынч бөлмөдө уктоону сунуштайт.

sputnik