Ата-энесин өлтүрүүгө “заказ” берген окуучу кыз. Окуянын чоо-жайын 6 жаштагы иниси айтып берген 

26 января 2022 Ата-энесин өлтүрүүгө “заказ” берген окуучу кыз. Окуянын чоо-жайын 6 жаштагы иниси айтып берген 

Россиянын Омск облусунда 14 жана 17 жаштагы эки өспүрүм үч адамды өлтүрүү боюнча күнөөсүн мойнуна алды.

Буга чейин Омск облусунун Юрьевка айылындагы үйлөрдүн биринде 35 жаштагы аялды, анын он жаштагы майып кызын жана 38 жаштагы күйөөсүн өлтүрүп кетишкени маалымдалган.

Окуя мындайча болгон. Апасы менен өгөй атасы 14 жаштагы кызынын 17 жаштагы жигит менен сүйлөшүүсүнө каршы чыгат. Мындан улам үй-бүлөдө чыр чыккан. Ошондо кыз жигитти апасын жана өгөй атасын өлтүрүүгө көндүргөн.

"Шектүүлөрдүн атайын планы болгон. Үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүү үчүн жигит досунан үй жаныбарларын союу үчүн жасалган шуштугуй бычак алып келген", — деп билдирет Омск облустук тергөө башкармалыгы.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 22-январь күнү кыз үйдүн арткы эшигин ачык калтырат, түнкү саат экилер чамасында шектүү үйгө кирип, үй ээлери уктап жатканда он жаштагы оорулуу кызы менен кошо өлтүрөт.

Андан соң 14 жаштагы кыз алты жаштагы инисин ээрчитип, коңшуларына кабар берет. Алар үйүнө бир киши кирип, ата-энесин өлтүрүп кеткенин айтышкан. Ал тургай, кыз полиция кызматкерине да ойлоп табылган кылмышкерди сүрөттөп берген. Полиция бир жарым күн бою сакалчан белгисиз адамды издеген.

Тергөөчүлөрдү кыздын биринчи сурактагы жүрүм-туруму чоочуткан. Ал кол салуу тууралуу такалбай, шар сүйлөп, маанайы көтөрүңкү отурган.

REN TV телеканалынын маалыматына караганда, окуяга анын алты жаштагы иниси күбө болгон. Ал апасын, атасын, 10 жаштагы эжесин өлтүрүп жатканын көрүп, угуп турган.

17 жаштагы шектүү сурак учурунда окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Жол боюна ыргытып жиберген бычакты жана кан болгон кийимдерин полицияга өткөрүп берген.