Шаршембиге карата аба ырайы

25 января 2022 Шаршембиге карата аба ырайы

Шаршемби күнү эртең менен Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана күндүз Нарын жергесинин кээ бир аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас менен Ысык-Көл жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Нарын аймагында -4...-9 градус болот.

Түнкүсүн жана эртең менен Бишкекте кар жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4... +6 жана Ошто +5...+7 градус болору айтылды.

sputnik