Кучакташып жаткыла. Уйкусуздуктан арылуунун жолу аталды

25 января 2022 Кучакташып жаткыла. Уйкусуздуктан арылуунун жолу аталды

Дарыгерлер кучакташып жаткан адамдар бат уктайт деген пикирге келди. Бул тууралуу Британиянын Express гезити жазды.

Адистер изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү 16 миллиондой жашоочу уйкусуздуктан жабыр тартарын аныктаган. Окумуштуулар адамда күн ичинде стресске жооп кайтара турчу кортизол гормону бөлүнүп чыгарын, тынч уйку үчүн анын санын азайтуу керектигин белгилеген.

Медиктердин айтымында, төшөктө сүйүктүүңүз менен кучакташып жатсаңыз тынчсызданууңуз кетип, маанайыңыз көтөрүлөт. Бул маалда организм уйку менен маанайга жооптуу жана пайдалуу серотонин гормонун көбүрөөк иштеп чыга баштайт.

Кучакташуунун арты менен стресстен оолак болуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин азайтууга жана иммундук системаны чыңдоого жардам берет. Булар адамдын тынч уйкусун камсыздайт.

sputnik