Трихолог "омикрондун" чачка тийгизген таасирин айтып берди

25 января 2022 Трихолог "омикрондун" чачка тийгизген таасирин айтып берди

"Омикрон" штаммы коронавирустун башка түрлөрүнөн айырмаланып чач менен тырмакка анча залакасын тийгизбеши мүмкүн. Бул тууралуу дерматолог жана трихолог Юлия Галлямовага шилтеме берип "Известия" жазды.

Буга чейин COVID-19га чалдыгып сакайгандардын көпчүлүгү чачы түшүп жатканын айтышкан. Адистердин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

"Омикрон" чач менен тырмакка кандай таасир этерин азырынча айтуу кыйын. Бирок ал башка штаммдарга караганда жеңилирээк өтүп жатат. Инфекциялык оорудан кийин чач эмнеге түшөт? Көбүнесе ал оорунун өзүнөн эмес, дене табын түшүрүү үчүн ичкен дары-дармектин кесепетинен болушу ыктымал. Андыктан абал канчалык оор болуп, дене табы көп көтөрүлсө, чачка ошончолук зыян", — деди Галлямова.

Адис вирус жугузуп албаш үчүн таза абада көбүрөөк сейилдеп, сергек жашоо образын кармануу керектигин айтат. Ал эми чачка күч-кубат берүү үчүн сарымсак менен пиязды көбүрөөк жеш керектигин кошумчалады.

sputnik