Ботокс жасаткан 40 төө сулуулук сынагынан четтетилди

25 января 2022 Ботокс жасаткан 40 төө сулуулук сынагынан четтетилди

Сауд Арабияда төөлөр арасындагы сулуулук сынагынын уюштуруучулары 40тан ашык жаныбарды сынактан четтетти. Себеби, алардын сырткы келбетине ботокс жана башка косметикалык процедуралар колдонулган.

Сулуулук сынагы падыша Абдул-Азиздин төөлөр фестивалындагы эң маанилүү иш-чаралардын бири. Анын байге фонду 66 миллион долларды чапчыйт.

Адатта мындай жарыштарда эрини менен мурду чоң, өркөчү кооздолгон төөлөр сулуу деп табылат.

Бардык жаныбарлар атайын текшерүүдөн өткөн. Адистер катышуучуларды кылдат текшерип, башын, моюнун жана көкүрөгүн рентгенге түшүрүшкөн.

Сауд Арабиясынын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, “маджахим” породасындагы 27 төө дисквалификацияланган. Себеби, алардын ээлери жаныбардын түрдүү мүчөлөрүн жасалма жол менен чоңойтушкан.

Дагы 16 төө ботокс жана коллаген сайылганы аныкталган. Бул жыл сайын кайталанат, бирок быйыл алардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетиптир.

Эми жасалма сулуулукту колдонгон жаныбарлардын ээлерине айып пул салынат.