Сиам эгиздери алгачкы жолу мамлекеттик кызматка орнушуп, эки маяна ала баштады

25 января 2022 Сиам эгиздери алгачкы жолу мамлекеттик кызматка орнушуп, эки маяна ала баштады

Индиянын Пенджаб штатында жабдууларды оңдоого жөндөмдүү сиам эгиздери мамлекеттик кызматка электрик болуп орношуп, эки маяна ала баштады. Бул тууралуу The Mirror басылмасы билдирди.

19 жаштагы сиам эгиздери Сохна менен Мохна Сингхти ата-энелери Индиянын Пенжаб штатындагы балдар үйүнө таштап кетишкен. Эгиздердин эки жуп колу, эки жүрөгү, эки бөйрөгү жана эки омурткасы бар. Бирок, алардын бир боору, өтү, көк боору жана эки буту бир. Дарыгерлер мындай операция өтө кооптуу деп эсептешип, эгиздерди бөлүүдөн баш тартышкан. Операциянын натыйжасында бир туугандардын бири каза болушу мүмкүн болчу. Бир туугандар кичинекей кезинен эле балдар үйүндө бир нерселерди оңдоп, бузулган электр шаймандарын оңдоп, жардам берип келишкен. Эми алар биринчи жолу иштей башташты. Практика учурунда эгиздер электр тармактар ​​ишканасынын жетекчилигин таң калтырып, электрик болууга ынтызарлыгын көрсөтүштү.

Алар энергетикалык ишканада электрик болуп иштеп, айына 10 миң рупий (11 392 сом) маяна алышат.

«Биз Пенжаби бийлигине талантыбызды баалаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз», - дешет алар.

Компаниянын башкы директору Вену Парсад бир туугандар технологияны терең түшүнүнө билгенин айтат. Сиам эгиздери жумушка орношуу квотасына ылайык кабыл алынган.