SIM-картаны канча жылда бир алмаштыруу керектиги айтылды

24 января 2022 SIM-картаны канча жылда бир алмаштыруу керектиги айтылды

Смартфондун SIM-картасын 4-5 жылда бир алмаштыруу керек. Бул тууралуу телекоммуникация боюнча адис Григорий Лысенко айтып берди.

"Негизи бир SIM-карта 10-15 жылга чейин иштейт. Бирок ага маалымат канчалык көп сакталып, мурдагылары өчүрүлгөн сайын эскире берет. Иштөө жөндөмү азаят. Ал эми SIM-карта өз ишин жакшы аткара албай калганда андагы маалыматтар жок болуп кетиши мүмкүн же байланыш начарлайт. Ошол себептүү 4-5 жылда алмаштырып туруу сунушталат", — деди Лысенко.

Ошондой эле адис SIM-карта эскирип бара жатканда кандай белгилер болорун түшүндүрдү. Анын айтымында, карта жарактан чыгып бара жатканда байланыштын сапаты төмөндөп, "абонент тармактан тышкары" деген жазуу көрсөтүлө берет.

sputnik