Смартфондун жанында уктоо коркунучу аныкталды

24 января 2022 Смартфондун жанында уктоо коркунучу аныкталды

Орусиялык невропатолог Ольга Зинчева жатар алдында смартфон колдонуу коркунучтуу экенин эскертти, деп жазат "Известия" басылмасы.

Адистин айтымында, адам уктап жатканда жанында смартфон болбошу керек. Гаджеттен чыккан радиожыштык нурлары адамдын ткандарына сиңип, ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер телефонду кубаттагычта унутуп койсоңуз, өрт чыгып кетүү коркунучу бар.

Радиация тукумсуздук, рак, неврологиялык жана психикалык бузулуулардын коркунучун жогорулатат. Деген менен, смартфондун организмге тийгизген зыяны тууралуу маалымат жок, дейт дарыгер.

Телефондун экранындагы көк жарык көзгө, биологиялык ритмге терс таасирин тийгизип, уйкусуздукка, башты ооруга, ишке болгон каалоонун төмөндөшүнө, эс тутумдун начарлашына жана көздүн дегенеративдик ооруларынын пайда болушуна алып келет”, - дейт Зинчева.