АКШнын Батыш Вирджиния штатында түз эфирде сүйлөп жаткан журналистти унаа сүзүп кетти. Окуянын видеосун анын кесиптеши Ли Кей Говард Twitter баракчасына жарыялаган.
Видеодо WSAZ кабарчысы Тори Жоргини жол тандабас сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Бирок, бир нече секунддан кийин кыз кадрга кайтып келген. Ошентип, түз эфир уланат.
"Оо кудай! Мени жаңы эле машина сүзүп кетти, бирок мен жакшымын. Сарсанаа болбоңуздар", - деген кыз.
Видео социалдык тармактарда тез тарап, бир нече миң көрүүгө ээ болгон.
Алып баруучу Тим Иррдин реакциясы да таң калтырат. Интернет колдонуучулар "эмне үчүн ал күн сайын көргөндөй токтоо?" – деген пикир калтырышкан.
"Диктордун жүрүндө тынчсыздануунун жоктугу таң калтырды, ал эми кабарчыга “Эмми”, “Оскар”, “Алтын глобус” жана Нобель сыйлыгын берүүнү сунуштайм", - деген интернет колдонуучуларынын бири.
“Ал эми диктор аны көрүп турабы же телесуфлерден көзүн албай отурабы?" – деп сурагандар да болгон.
Журналистке кесибин алмаштырууга кеңеш берген окурмандар да болгон.