Пакистанда “Кудайга акарат келтирди” деген айып менен жаш кыз өлүм жазасына кесилди

21 января 2022 Пакистанда “Кудайга акарат келтирди” деген айып менен жаш кыз өлүм жазасына кесилди

Пакистандын соту WhatsApp жана Фейсбук аркылуу жөнөтүлгөн “Кудайга акарат келтирген билдирүүлөрү” үчүн кызды өлүм жазасына кести.

The Guardian жазгандай, кыздын үстүнөн 2019-жылы мобилдик оюн тиркемесинде таанышкан жигит арыз жазган. “WhatsApp тармагындагы кыздын Кудайга акарат келтирген материалы, ошондой эле ал жөнөткөн сүрөттөр мусулман үчүн таптакыр туура келбейт”, - деп билдирген сот Аднан Муштак.

Айыпталуучунун айтымында, өзү менен интимдик мамиледе болгон жигит аны ислам дини боюнча талашка түрткөн.

Пакистанда Кудайга акарат келтиргени үчүн дүйнөдөгү эң катаал мыйзамдар бар. Бийлик айыпталуучуларды өлүм жазасына тартуу өкүмүн байма-бай чыгарып турат. Өлүм жазасы адатта аткарылбайт, камактагылар өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөрүшөт.